Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип 26 жаштагы кыз кармалды

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип 26 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын май айында Аламүдүн райондук милициясына жарандардын бири арыз менен кайрылып, чала тааныш кыз анын Лексус үлгүсүндөгү автоунаасын ижарага алып, кийин аны күрөөгө коюп кеткенин билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Териштирүү учурунда арыздануучу 2015-жылдан бери жеке ишканалардын биринде ижарага автоунаа берип эмгектенээрин билдирген. Анын айтымында, жогорудагы кыз үч жылдан бери андан автоунаа ижарага алып жүргөн. Акыркы жолу 2021-жылдын февраль айынан майга чейин келишим түзүлүп, жогорудагы автоунааны алып кеткен. Болжол менен апрель айынын аягында автоунаадагы GPS жабдуусу иштебей калган. Кийин арыз ээси автоунаанын турган жерин тактаган учурда автоунаа күрөөгө коюлганы аныкталган. Жогорудагы кыз автоунааны кайтарып бербей, ар түрдүү шылтоолорду айтып жүргөндүктөн, милицияга арыз менен кайрылганы маалым болгон.

Чүй облустук жана Аламүдүн райондук криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кыздын аты-жөнү аныкталып, кармалган. 1995-жылы туулган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, кийин үй камагына коё берилген. Учурда бул иш боюнча чогултулган тиешелүү материалдар сот органдарынын кароосуна жөнөтүлдү.