Аламүдүн районунда суу түтүктөн жансыз дене табылды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Ак-Жар конушундагы айланма унаа жолдун боюнда арыктагы суу түтүгүнө эркек кишинин жансыз денеси тыгылып калгандыгы тууралуу маалымат 102-кызматынан түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал жерге куткаруучулар барып, 1978-жылы туулган тыгылып калган кишинин жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.