УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурорун кармады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору жарандан арыз ээсине карата мурда козголгон кылмыш иши боюнча үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо маселеси боюнча оң чечим чыгаргандыгы үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы боюнча маалымат алынган.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору кармалып, Бишкек гарнизонунун Аскер комендатурасынын гауптвахтасына камакка алынган. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.