Чүйдөгү Аламүдүн суу сактагычында жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Көк-Жар айылынын «Супара» комплексинин үстүндө, Аламүдүн суу сактагычында адамдын денеси калкып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Учурда анын аты-жөнү такталып жатат.
Жерине Аламүдүн райондук №1 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн төрт куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.











