Аламүдүн районунун Бирдик айылында жайгашкан “Улар” ААКсына таандык болгон бир катар социалдык инфраструктура объектилери муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкананы менчиктештирүү учурунда аталган объекттер муниципалдык менчикке өткөрүлбөй, мыйзамсыз түрдө акционердик коомдун карамагында калган. Алар жалпы аянты 3,32 гектар жана баасы 341 миллион 857 миң сомго бааланган фельдшердик-акушердик пункт, мончо, почта бөлүмү, клуб, парк жана суу сактоочу кампа.