Аламүдүндө бөтөлкөлөшүн бычактап салууга шектүү кармалды

Аламүдүн районунда бычак менен денеге оор залал келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

28-май күнү милицияга Бишкек шаарындагы улуттук хирургия борборуна 1999-жылы туулган жаран бычактан алган оор жаракаты менен жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалымат боюнча Жазык кодексинин 280-беренесинде көрсөтүлгөн (бейбаштык) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда, 28-май күнү жабырлануучу Аламүдүн районундагы Ак-Жар жаңы конушунда жаран менен спирт ичимдигин ичип олтуруп, ортодо чыккан уруштан улам аны 2 жолу бычак менен денесине сайып белгисиз тарапка качып кеткени аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.