Аламүдүндө буга чейин бир нече жолу соттолгон кишинин үйүнөн баңгизат жана ок-дарылар табылды

Аламүдүн районунда ок-дары жана баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Аламүдүн РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБдин кызматкерлерине бир эркек киши үйүндө ок-дарыларды сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалыматты текшерүү иштерин жүргүзүү учурунда Аламүдүн районундагы айылдардын бириндеги кароосуз калган үйдө жашаган эркек киши аныкталган. Териштирүү учурунда ал буга чейин бир нече жолу соттолгон 47 жаштагы жаран экендиги такталды. Аны кароо учурунда жанынан желим баштыкчага оролгон өңү кочкул жашыл түстөгү зат табылган. Жүргүзүлгөн эксперизанын негизинде баңгизаты экендиги аныкталды. Жалпы салмагы 69,38 граммды түзгөн. Андан сырткары 5,45 мм калибрдеги жана 12 мм калибрдеги ок-дарылар табылган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 268-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.