Аламүдүндө жер тилкесин мыйзамсыз сатууга шектелген аял кармалды

Аламүдүн районунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБге аял киши кайрылып, 2019-жылдын сентябрь айында 5,15 гектар айыл чарба жерин курулуш курууга категориясын өзгөртүп берүүнү убадалаган жаранга чара көрүүнү суранган. Кызмат абалынан пайдаланып, (багбанчылык коомунун төрайымы) аталган коомдун чечимдерин жазып, жер тилкелерин 4 сотыхка бөлүп, жеке турак жай куруу үчүн досу аркылуу башка адамдарга сатып жиберген. Милицияга дал ушундай 8 адам арыз менен кайрылган. 

Кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган аял кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.