Аламүдүндө жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Ал кастыкты козутууга шектелип жатат

Аламүдүн районунда аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип, жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, ал 2022-жылдын 7-июнда жергиликтүү тургундарды чогултуп, башка аймактардан келгендер өз эрежелерин коюп жаткандыгына нааразычылыгын билдирген. Анын пикиринде, аларга аймакта орун жок экенин билдирген. 

Аламүдүн районунун бир катар тургундары анын үстүнөн прокуратурага арыз жазышкан. Бул факты 2-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний аймактар ​​аралык кастыкты козутуу) менен катталган. Кылмышка шектелип, 1979-жылы туулган жаран кармалып камакка алынды.