Аламүдүндө милициянын улук тескөөчүсүн башка уруп, денесине залал келтиришкен

14-май күнү саат 02:00 чамасында Аламүдүн РИИБге Свердлов РИИБдин милициянын улук тескөөчүсү болжол менен 30-35 жаштардагы азиат түспөлүндөгү белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

13-май күнү саат 23:00 чамасында Аламүдүн районунун Восток айылынын көчөлөрүнүн биринде жаран эч кандай себепсиз арт жактан чуркап келип, уят сөздөрдү айтып, катуу нерсе менен башка уруп, денесине залал келтирип, белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча бир катар ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.