Аламүдүндөгү өрт учурунда медициналык буюмдар күйүп кетти

Кечээ, 22-июнь күнү эртең менен Аламүдүн районунун Пригородное айылындагы кампадан өрт чыккан. Өрт Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Бишкектеги кампасын каптаган. Анда сакталган дары-дармек жана медициналык буюмдар күйүп кетти.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Луиза Чемберлен өрттөн эч ким жабыркаган жок деп билдирди.

«Учурда тиешелүү органдар себепти аныктоонун үстүндө иштеп жатат деп ойлойбуз. Келтирилген зыянды баалоо менен БУУнун командасы Саламаттыкты сактоо министрлиги жана башка өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылып жаткан ВИЧ жана кургак учуктун улуттук программалары аркылуу критикалык алдын алуу жана дарылоо кызматтарынын үзгүлтүккө учурашын азайтуунун үстүндө иштеп жатат. Биздин команда муктаж болгондорго тийиштүү кам көрүү үчүн өз убагында алмаштырууну камсыз кылуу үчүн программанын глобалдык сатуучулары менен байланышта», — деди ал.