Аламүдүндөгү суу сактагычка чөккөн 14 жана 17 жаштагы кыздар. Териштирүү иштери жүрүп жатат

Кечээ, 20-июль күнү саат болжол менен 17:30 чамаларында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Гроздь айылындагы суу сактагычка эки жаш кыз чөгүп кеткендиги тууралуу мааалымат келип түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Аталган маалыматтын негизинде Аламүдүн РИИБдин ыкчам тергөө тобу дароо окуя болгон жерге чыгышкан. Суу сактагычтан ӨКМдин кызматкерлери эки кыздын жансыз денелерин алып чыгышкан. Териштирүү учурунда ал кыздардын өздүктөрү тактатып, 2004 жана 2007-жылы туулган кыздар экендиктери аныкталган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда.