Алдамчылыкка шектелип, камакка алынган Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады

Алдамчылыкка шектелген Гүлзат Мамытбек СИЗОдо ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан билдиришти. 

Маалыматка караганда, аталган борбордун кызматкерлери бүгүн, 16-ноябрда Бишкектеги СИЗО-1ге барышкан. Сүйлөшүү учурунда шектүү 14-ноябрдан бери тамак-аштан баш тартып жатканын айтып, системага нааразычылыгын билдирген. «Айыпталуучу ага карата негизсиз айыптар тагылганын, анын маселеси жарандык тартипте каралышы керек деп эсептейт. Анын айтымында, анын колунда бардык ырастоочу документтер бар. Мындан тышкары, Гүлзат Мамытбек Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Ички иштер министрлигинин мекемелериндеги кармоонун начар шарттарына, тактап айтканда, каттардын өз убагында жөнөтүлбөй жатканына жана кызматкерлердин орой мамилесине нааразы болду», — деп айтылат маалыматта. 

«Шектелүүчү президентке, ошондой эле УКМКга, Акыйкатчы институтуна, БУУга жана АКШ менен Түркиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылуу жазган. СИЗО-1дин жетекчиси өз кызматкерлерине Гүлзат Мамытбек тарабынан даярдалган каттарды өз убагында жөнөтүүнү тапшырды», — деп билдирди.