Алдамчылыкка шектелип Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кармалды

2020-жылы өткөн парламенттик шайлоо учурунда алдамчылык кылуу фактысы боюнча Нарын шаарынын мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды. «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Чойбеков тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

18-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана алынган далилдердин натыйжасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, учурда Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча жогоруда аталган алдамчылыкка катыштыгы бар деп шектелип, УКМКнын тегөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.