Алдангандар 1 миллион доллардан ашык акчасынан айрылган. ИИМдин Antares Trade иши боюнча маалыматы
Социалдык тармактарда Antares Trade каржы пирамидасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын бири тарабынан таратылып жаткан билдирүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү маалымдайт.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Antares Trade каржы пирамидасын уюштуруу жана анын мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтенген. Тергөө учурунда аныкталгандай, 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын июль айына чейинки мезгилде чет мамлекеттин жарандары С.Т., Д.М., Ч.Х., ошондой эле Кыргыз жараны Т.Т. алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргыз Республикасынын аймагында каржы пирамидасынын белгилерине негизделген инвестициялык схеманы уюштурушкан. Жарандарды аталган схемага тартуу максатында шектүүлөр Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде компаниянын кеңсесин ачышып, үзгүлтүксүз презентацияларды жана жолугушууларды өткөрүшкөн. Анда жарандарга жогорку киреше, дивиденддердин кепилденген төлөмү жана салынган каражаттарды кыска мөөнөттө кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү убада кылынган. Ошол эле учурда, Antares Trade компаниясы Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоодон өтпөгөнү, мыйзамдуу юридикалык макамга ээ болбогону жана өлкө аймагында реалдуу инвестициялык же ишкердик ишмердүүлүк жүргүзбөгөнү аныкталган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө жарандардын акча каражаттарын мыйзамсыз тартууга байланыштуу 50 эпизод бир өндүрүшкө бириктирилген. Жабырлануучуларга келтирилген жалпы материалдык зыяндын өлчөмү 1 061 198 АКШ долларын түзгөн. Кылмыш иши боюнча олуттуу тергөө аракеттери жүргүзүлүп, жетиштүү далилдер топтолгон. Анын негизинде 2021-жылдын декабрь айында тергөө аяктап, кылмыш иши маңызы боюнча кароо үчүн сотко жөнөтүлгөн. Соттук кароонун жүрүшүндө С.Т., Д.М., Ч.Х. жана Т.Т. сот отурумдарына келбей, соттон жашырынып кетишкен. Ушуга байланыштуу аларга издөө жарыяланып, учурда издөө иш-чаралары улантылууда.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгилейт: тергөөнүн мыйзамсыз жүргүзүлгөндүгү, кандайдыр бир кысым көрсөтүлгөндүгү же айыпталуучунун күнөөсү жок экендиги тууралуу билдирүүлөр айыпталуучунун жеке субъективдүү көз карашын гана билдирет. Мындай жүйөлөргө укуктук баа берүү сот тарабынан кылмыш ишиндеги бардык далилдерди изилдөөнүн негизинде гана жүргүзүлөт. Эгерде айыпталуучуда кылмыш иши үчүн мааниге ээ болгон кандайдыр бир далилдер болсо, аларды социалдык тармактар аркылуу эмес, мыйзамда белгиленген тартипте сотко көрсөтүүгө тийиш.
Ички иштер министрлиги издөөдө жүргөн адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана алардын сотко келишин камсыз кылуу боюнча мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүнү улантууда.