Чүйдүн Александровка айылынын кызматтагы адамдары тарабынан мамлекетке 1,1 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Такталган маалымат боюнча, 2020-жылдын сентябрында Александровка айыл аймагынын мурдагы башчысы Б.И.Ю жана «Александровка» («Таза-Айыл») МИ башчысы Н.С.А. айылдагы таштанды полигонун рекультивациялоо жана тазалоо боюнча жасалма келишимге кол коюшкан. Жыйынтыгында, мамлекетке 1,1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Аталган бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
2021-жылдын 26-мартында Б.И.Ю. аттуу жаран мурда бөлүнгөн 1,1 млн сомдон ашык суммадагы бюджеттик каражаттарды мамлекеттин эсебине толугу менен кайтарып берди.