Александровка айылдык кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте Александровка айылдык кеңешинин депутаты кармалды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, Мухаммед Магеза алдамчылык фактысы боюнча кармалган. Милицияга жаран кайрылып, Мухаммед аттуу чала тааныш адамга чара көрүүнү суранган. Ал 2019-жылдын октябрь айында ишеничине кирип, сатуу үчүн 455 тонна пияз алып кеткен.

«Товардын баасы 35 миң доллар. Жабырлануучу өз арызында анын убадасын аткарбай, дайынсыз жоголгонун көрсөткөн. Аталган факты «алдамчылык» беренеси боюнча катталып, шектүү 36 жаштагы Мухаммад Магеза кармалды. Борбор калаанын Ленин райондук соту ага карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандап, Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Мухаммад Магезаны ушул сыяктуу аракеттерди жасагандыгы үчүн жоопко тартуу өтүнүчү менен дагы эки арыз түшкөн. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы аныкталды. Шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштардын башка фактыларына тиешеси бар-жогу текшерилүүдө», — деп билдиришти РИИБден.