Александровка айылында сарайда өрт чыгып, 15 кой күйүп кетти

Москва районундагы Александровка айылындагы сарайдан өрт чыгып, 150 чарчы метр бастырма, 400 даана түк чөп, 1,5 тонна жүгөрү, болжол менен 2 тонна арпа жана 15 кой өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө Москва райондук №15 ӨКБдан бир бөлүм, Сокулук райондук №23 ӨККБдан 1 бөлүм тартылган. Саат 14:50дө өрт чектөөгө алынып, 18:34тө толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.