Алга Кылычевге ок атты делген шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов кармалды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты 38 жаштагы Таалай Темиркулов убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Бүгүн, 8-августта Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Темиркулов өз ыктыяры менен «МР-79-9» травматикалык тапанчасын бир огу менен чогуу тапшырган. Ал ээнбаштыкка шектелүүдө. Тергөө уланууда.

Эске салсак буга чейин Бишкек шаардык кеңештин депутат Таалайбек Темиркулов Алга Кылычевдин бутуна ок аткан деп шектелип жаткан.