«Алькони» заводунда чыккан өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат

ӨКМ «Алькони» заводунда чыккан өрт тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

«Бүгүн, 31-мартта саат 03:10 чамасында Октябрь районунун Исакеев көчөсүндө “Алькони” заводунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМдин 5 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеби, штаб, суу ташуучу унаа, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам кызматы тартылган. Учурда өрттүн аянты болжол менен 3500-4000 чарчы метрди түзүүдө. Өрт саат 05:55те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин окуянын күбөлөрү Туңгучта өрт чыкканын, «Алькони» заводу өрттөнүп жатканын билдиришкен.