Алмазбек Атамбаев 7-июнга чейин камакта болот

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карап, аны камакта кармоо мөөнөтүн узартты. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев 2021-жылдын 7-июнуна чейин №47 түзөтүү колониясында болот.

Айыпталуучу Алмазбек Атамбаев ооруп жаткандыгына байланыштуу процесске алынып келинбегендиктен, соттук отурум 2021-жылдын 15-апрель күнүнө саат 14:00гө жылдырылды.

Эскерте кетсек, Атамбаев 2019-жылдын 8-августунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышына байланыштуу кармалган. Мурунку президентти УКМКнын Тергөө изоляторуна киргизишкен.

2020-жылдагы октябрь окуяларында Атамбаевдин тарапташтары мурунку президентти бошотушкан, бирок 9-октябрда УКМК кызматкерлери кайра кармап кетишкен. Ал жактан кийин ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган.