Алмазбек Атамбаев дагы соттук отурумга катышуудан баш тартты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрындагы массалык башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнү улантууда.

Соттун катчысы айыпталуучулар экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жаш саясатчы Темирлан Султанбековдун сотко келбегенин билдирди. Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук процессти ансыз жүргүзүүнү суранган арыз жазган. Чынар Жакупбекованын Темирлан Султанбеков ооруп жатканын, такталбаган коронавирус менен ооруганын түшүндүрдү.

Соттолуучулар президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов менен «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов башка айыпталуучулар сакайып кетмейинче отурумду жылдырууну суранышты. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кылмыш ишинин ага эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Анын айтымында, кылмыш иши Аскердик же Башкы прокуратурага кошумча тергөөгө кайтарылышы керек.