Алмазбек Атамбаевдин соту кийинкиге жылдырылды

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата соттук териштирүүнү кийинкиге калтырды. Соттук отурумга судья Азирет Медеров төрагалык кылууда.

Соттук отурум судьянын ооруп калганына байланыштуу 3-ноябрга жылдырылды. Буга чейин үч кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. Атамбаев Кой-Таш айылынан жерди мыйзамсыз алган, мыйзамсыз байыган жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон массалык башаламандыктар боюнча айыпталууда.