Алымкадыр Бейшеналиев 1 айга камакта калтырылды

Бүгүн, 4-июнда Октябрь райондук сотунда Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакта калтырылды. Ал 1 ай УКМКнын СИЗОсунда болот.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага 7 кылмыш иши козголгону маалым болгон. Бүгүн, 4-июнда ал кызматынан убактылуу четтетилди.