Алымкадыр Бейшеналиев Октябрь райондук сотуна жеткирилди

Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасы каралат.

Маалыматтарга караганда, ал райондук сотко жеткирилди.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага 7 кылмыш иши козголгону маалым болгон. Бүгүн, 4-июнда ал кызматынан убактылуу четтетилди.