Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси 11-августка чейин камакта калтырылды

Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекованын бөгөт чарасы узартылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 11-августка чейин камакта болот.

УКМК 17-майда Бишкекте министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси, 1993-жылы туулган Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген.