Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова камакта калтырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 28-июнда Ысык-Көл облустук сотунда жактоочусунун аппеляциялык арызы каралып, канааттандырылган эмес.
УКМК 17-майда Бишкекте министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси, 1993-жылы туулган Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген.











