Бишкектеги №72 мектептин 8-классынын окуучусу Аннас 20-январда мектептин дааратканасында 9-класстын окуучулары тарабынан сабалып, ооруканага түшүп, 4-февралда каза болгон. Бул окуяга шектүү катары 9-класстын окуучусу Т.И. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү 8-класстын окуучуларынан акча талап кылгандыгы аныкталган. Натыйжасында, 8-класстын окуучусу А.А.нын денесине залал келтирип, ал эсин жоготуп, ооруканага жаткырылып, каза болгон. Тергөөнүн жыйынтыгында, 2009-жылы туулган Т.И. Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130 (ден соолукка оор залал келтирүү) жана 208 (опузалап талап кылуу) беренелери менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери улантылууда.
«Шектүүнүн баңгизат колдонгондугу тууралуу маалымат тастыкталган эмес, себеби бардык тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, жыйынтыгында колдонуунун издери табылган эмес», — деп билдирет Бишкек шаардык милициясынын.











