Анталияда кыргызстандык аялды жөө адамдар өтүүчү жерден унаа сүзүп кетип, каза болду. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Окуя кечээ, 2-августта Кепез аймагында болгон. 30 жаштагы жаран жолдон өтүп бара жатканда, унаа сүзүп кеткен. Кыргызстандык соккудан улам бир нече аралыкка ыргып кеткен.
Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы барган, бирок алар жабырлануучуну сактап кала алышкан эмес. Сөөк өлүкканага жеткирилген.