Жума, 30.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

«Апа, келиниңизди башка менен кармап алдым». Баткенде жиликтелип өлтүрүлгөн жарандын жакындары окуяны айтып беришти

11:26 24.12.2021
9
«Апа, келиниңизди башка менен кармап алдым». Баткенде жиликтелип өлтүрүлгөн жарандын жакындары окуяны айтып беришти

17-октябрь күнү Баткен районунун Бужум айылында өмүрү кыйылган 33 жаштагы Жигитали Темирбаевдин өлүмү боюнча жакындары маалымат беришти. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Туугандарынын айтымында, алар алгач Жигитали Темирбаев жоголду деп WhatsApp тайпаларда маалымат тараткан. Андан соң анын бир тууган эжеси Каныкей Темирбаева Баткен РИИБге инисинин жоголгондугун айтып кайрылган. Натыйжада укук коргоо органдары менен жергиликтүү эл топтолуп издешкен. Андан кийин изделип жаткан жарандын бир нече бөлүккө бөлүнгөн денеси табылган. Кылмышка шектүү катары маркумдун келинчеги жана анын бир тууган 2 агасы кармалган. Маркумдун жакындары бүгүнкү күндө тергөөнүн адилеттүү жүрбөй жаткандыгын жана бул кылмыштын башында турган маркумдун келинчеги менен бул кылмышка жардам берип аралашкан жеңесинин эркиндикте жүргөнүнө нараазы болушууда.

Жигитали Темирбаевдин апасы Бактыгүл Темирбаева баласы менен келинин ортосунда чыр чыкканын айтып берген. «Мен баламды үйлөндүрүп, ушулар бактылуу тынч жашасын деп, Орусия иштегени кеткем. Той-аштарга келип-кетип жүрчүмүн. Окуядан 3-4 күн мурда балам чалып, «Апа, мен келиниңизди үйдөн башка бирөө менен кармап алдым. Ажырашам» деп айтты. Мен «Кой балам, токтоп тур. Мен өзүм барайын, анан чечебиз» дедим. 3-4 күндөн кийин эле Жигитали жоголду деп кызым чалды. Мен өзүм барып издейин деп жолго чыктым. Мени Оштон кызым менен сиңдим тосуп алды. Ошондо да мага эч ким өлдү деп айткан жок. Үйгө келсем адам көп экен. Мен киргенден кийин 20 мүнөт өткөндө баламдын жансыз денеси келди. Анын жаназасы болуп жатканын ошондо билдим. Баламды мүчөлөп, мыкаачылык менен өлтүрүптүр. Азыр тергөөчү башка тергөөчүгө өткөрүп беришти. Тергөөдө келиним жана кылмышка жардам кылып катышкан келинимдин жеңесин да кармап, келинимди энелик укуктан ажыратып, 3 баланы мага өткөрүп берүүсүн суранам. Уулумдан калган 3 баланы багып алганга кудуретим жетет», — деди ал.

Маркумдун таежеси Канышай Тешебаева аны менен акыркы сүйлөшүүсүн эскерген. «Мени Жигитали таене дечү эле. Ал өлтүрүлгөн күнү мага телефон чалган. «Таене, ал (аялын айтып жатат) жок. Балдарга бышырып берейин деп жумуртка алып келдим» деп айтты. Мен «Каякка барат эле? Жүргөндүр да келет» дедим. Кийин эле «Жигитали жоголуптур» деп угуп, үйүнө жетип келдим. Келсем эл көп. Машиналар тизилип калыптыр. Милициялар жүрөт. Анан мен үйгө кирдим. Аялы жүрүптүр. Аны «Дагы уруштуңарбы? Эмне болду? Сен бир нерсе кылгансың» деп уруштум. Урушсам уялбай көйнөгүн чечип эле «мына Жигитали мени урду» деди. Бир кезде алардын 3-класста окуган кызы келип калды. Мен «Атаң кана?» десем, «Атам бизге жумуртка алып келип, бышырбай эле уктап калды. Түндө турсам свет жок, караңгы. 2 киши атамды алып чыгып кетти. Иним эшикке чыгам деди. Мен аны эшикке чыгарайын десем, свет жок, стулду коюп, лампочканы бурап күйгүздүм. Үйгө кирип жаткандан кийин апам келди. Апам келип үйлөрдү аарчып тазалады. Эшиктин кулпун гүлдүн арасына ыргытып, кийин кайра алып келип аарчып, илип койду. Кишилердин үнү тагамдын үнүнө окшоду» деди. Мен милицияларды чакырып, «Мына кызы айтып жатат. Ким экенин сурагыла» дедим. Ушул кыздын айтуусу жана кошунабыздын дүкөнүндөгү камерага түшкөн видеонун негизинде келинибиз, анын 2 агасы кармалды. Биз акыйкат тергөөнү сураныбыз», — деди ал.

Маркумдун чоң атасынын баласы Максат Темирбаев иниси 9 бөлүккө жиликтелгенин кошумчалады. «Иним жоголду деп издебеген жерибиз калбады. Аягында өзүнүн келинчеги, бир туугандары менен өлтүргөндүгү билинди. Кийин анын денеси мүчөлөнгөн абалда келинимдин агасынын үйүндөгү дааратканадан табылды. Моргго барсам Жигиталини мотопила менен аралап, балталап, 9 бөлүкө бөлүптүр. Башы жок. Ким экенин таанып болбойт. Ички органдары жок. Бүгүнкү күнгө чейин таппадык. Кийин денесин скотчтоп, топтоп, анан жаназага алып келдик. Өтө катуу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн», — деди ал.

Маркумдун кошуналары бул үй-бүлө момун, коңшулар менен жакшы мамиледе экенин айтышкан.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кыздын кашын, чачын алып кыйнашкан. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Кыздын кашын, чачын алып кыйнашкан. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Автор Гүлжамал Абылкасымова
15:47 29.01.2026
0

Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына Ош облусунун 1988-жылы туулган М.К.аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2026-жылдын 8-январдан 9-январга караган түнү 23:30...

Бишкектин Бакай-Ата конушунда 2 окуучу сууга чөгүп көз жумду

Бишкектин Бакай-Ата конушунда 2 окуучу сууга чөгүп көз жумду

Автор Айзада Тураркулова
11:53 29.01.2026
1

Бишкектин Бакай-Ата конушундагы каналга 9 жаштагы кыз жана 6 жашар бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди....

Өзгөндө жол талаша кетүүдөн бирөө каза болуп, шектүү делген экинчиси кармалды

Өзгөндө жол талаша кетүүдөн бирөө каза болуп, шектүү делген экинчиси кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:01 25.01.2026
2

Кечээ, 24-январь күнү Өзгөн РИИБге аймактык ооруканадан 1999-жылы туулган Э.М. аттуу жаран денесинен учтуу нерседен оор жаракат алып, каза болгону...

Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды

Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды

Автор Гүлжамал Абылкасымова
14:25 23.01.2026
0

Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, автоунаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды. Милицияга 20-январь күнү саат 07:40 чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун...

Зордуктады деген айыпты тагуу үчүн 350 миң сом опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды

Зордуктады деген айыпты тагуу үчүн 350 миң сом опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды

Автор Гүлжамал Абылкасымова
11:58 21.01.2026
0

17-январда Т.А. жана Октябрь РИИБдин кызматкери, милициянын лейтенанты А.Э.Б. Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (опузалап акча талап кылуу) каралган кылмыштын...

Комментарийлер 9

  1. Мырза says:
    4 года ago

    кудай сакта, эл журт!эмне деген шумдуктуу окуялар болуп атат акыркы кундору.

    Ответить
  2. Аня says:
    4 года ago

    Окугандан коркосун. Балдарга эле кыйын болду. Жаткан жери жайлуу болсун 😪

    Ответить
  3. Акмоор says:
    4 года ago

    Кудай кечире кор ушундай мыкаачы пенделеринди 🤲🤲🤲🤲🤲

    Суранам Эл журтубузга ыйман, боорукерлик, акылдуулук бере кор 🤲🤲🤲🤲😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭 пенделеринди кечире кор

    Ответить
  4. Кайратбек says:
    4 года ago

    Пайгамбарыбыздан (хадистин маанисинде)айтылган экен.Ага инисин биртууган-биртууганын өлтүргөн коом келмейин,Кыямат келбейт деп.Акыркы болуп жаткан,жаңылыктар муну тастыктап жаткансыйт.

    Ответить
  5. Дамир says:
    4 года ago

    А эмнеге агаларынан сурабайт.Башы кайда деп

    Ответить
  6. Гулнара says:
    4 года ago

    Келинге куйоосу жакпаса олтурткондон болок варианттар бар болчу. Баланы буга чейин да кайнагалары келип сабап турушкан, ал эмес кайненесин да баласы менен Россияга ошол кайнагалары кууп жиберишкен. Бирок келин кайра балдарын шылтоолоп чакырып алган деген создорду айылда угуп журобуз. Ата энеси ажыга барган адамдар турбайбы. Сойгон кайнагасы моргдо мурдараак иштеген.
    Бул туура эмес. Чырактай уулдарды остуробуз ниет максат менен. Эси жок келиндер турмушу гана эмес жанын алып тынса — ушул мусурманчылыкпы?, адамгерчиликпи, жашообу? Жигитали бул жашоодо корбогон жакшы нерселерди кудай наркы дуйнодон корсотсун. Ынсап ыйманы жок келинге да кудайдын жазасы бардыр.

    Ответить
  7. Марс says:
    4 года ago

    Адам омуруно кол салгандарга катуу жаза бериш керек. Ошондой закон чыгарыш керек.

    Ответить
  8. Айжанат says:
    4 года ago

    Жакшы жагынан сабак алалычы мындай коркунучтуу окуялардан кобойуп жатаго

    Ответить
  9. Айжанат says:
    4 года ago

    Мындай окуялардын жакшы жагын гана алалычы кобойуп кеттиго ато

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү