«Апам катуу ооруп жатты эле. Телефонуңузду берип туруңузчу». Ошто алдамчылыкка шектелип жубайлар кармалышты

«Апам катуу ооруп жатты эле. Телефонуңузду берип туруңузчу». Ошто алдамчылыкка шектелип жубайлар кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.
16-апрель күнү милиция кызматкерлери тарабынан жарандардын телефондорун алдап алышып, из жашырып жүрүшкөн жубайлар кармалышты. Алар 1996-жылы туулган жаран жана анын 2002-жылы туулган аялы Ош шаарына Өзгөндөн келип кылмыш жасап турушкан. Бул жубайлар бир нече алдамчылык кылмыштарына шектүү катары кармалышып, күйөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аялынын боюнда бар болгондугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Экөө теӊ мурда башка кылмыштары үчүн соттолуп чыгышкан.
Жубайлардын үстүнөн Ош шаарынын аймагындагы такси кызматын көрсөтүшкөн айдоочулардан арыздар келип түшкөн. Бул кылмыштуу үй-бүлө такси айдоочулардын кызматынан пайдаланып, андан соӊ, мобилдик телефондорун ар кандай жалган шылтоолорду айтышып, чалып алуу үчүн телефондорун убактылуу сурап турушкан. Телефон ээси саамга алаксый түшкөн учурда из жашырып кетип турушкан. Жабырлануучулардын биринин арызына караганда, шектүү аны Ош шаардык ооруканасына чейин жеткирип коюуну өтүнгөн. Андан соӊ «Апам ооруканада жатат. Кандай дарылар керек экендигин дарыканадан сурап билип алайын, телефонуӊузду берип туруңуз, менин телефонумдун кубаттоосу түгөнүптүр» деп алдап, изин жашырган.
Учурда шектүүлөрдүн үстүнөн алдамчылык боюнча (209-берене) тергөө иштери жүрүп жатат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө тобу бул жубайлардан жабыр тарткандар болсо, 0550-88-08-08 жана 0779-86-15-79 номерлери аркылуу байланышка чыгып коюуну суранат.