«Апаңды өлтүрөм». Бишкекте 7 жаштагы кыз өгөй атасы тарабынан зордукталган делген окуя боюнча кылмыш иши козголгон

Буга чейин жактоочу Индира Саутова өгөй атасынын бузуку иштери тууралуу айтып берген 7 жаштагы кыздын ишин карап жатканын айткан. Ал иштин четке кагылганына нааразычылыгын билдирип, прокуратурага арыз менен кайрылган.

«Зордук-зомбулук 2021-жылы декабрда болгон, кыз 6 жашта болчу. Ал күнү апасы кичүү кызы менен ооруканада жаткан. Кыз өгөй атасы аны чечинтип, жыныстык катнашка барганын айтууда. Бул тууралуу айтуудан корккон. Себеби ал «Эгер бирөөгө айтсаң, милицияга чалам, сени камашат» деп коркутуп, чоң атасын, чоң энесин, апасын өлтүрөм деп коркуткан», — деген Индира Саутова.

11 ай өткөндөн кийин, жактоочунун айтымында, кыз окуяны курбусуна айтып, ал апасына айтып берген. Курбусунун апасы кыздын апасына барып, айтып берген. Окуя ошентип белгилүү болгон. 

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден маалымат беришип, кылмыш иши козголгонун, тергөө жүрүп жатканын билдиришти. Анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат.