Бүгүн, 31-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Бишкекте үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча соттук отурум өтүүдө.
Шектүү соттук отурумга жеткирилди. Сот Аширалиевдин унаасын тинтүү учурундагы видеону көрсөттү. Унаанын ичинен бычак, анын айдоочулук күбөлүгү жана каттоо документи табылган.
Сот адам өлтүрүү болгон жерден видеону көрсөтүүдөн баш тартып, ал буга чейин массалык маалымат каражаттарына тараганын айтты. Судья айыпталуучудан видеодо ал өзү экенин четке кагабы деп сурады. Жактоочу тарап Аширалиев бул фактыны танбайт деп жооп берди.