«Аппендицит жарылып, ириң толуп кеткен». Ошто 7 жаштагы кыздын өлүмү боюнча 14 адам суралды

Ошто 7 жаштагы кыз операциядан кийин көз жумган. Бул факты боюнча 14 адам суралган. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Араван райондук прокуратурасына арыз менен Араван районунун Анаров айыл аймагынын Ачы айылынын тургуну кайрылып, анын агасынын 7 жаштагы кызы Араван райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун үй-бүлө дарыгери, Араван райондук ЖДПБнын (жалпы дарыгерлердин практикалык борбору) кызматкерлеринин шалаакылыгы жана туура эмес дарылагандыгынан 10-июль күнү Ош облустук балдар ооруканасында каза болуп калганын, андыктан жогорудагы дарыгерлерге карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган арыз Араван РИИБге жиберилип, 17-июль күнү Араван РИИБге катталып териштирүү жүргөн. «5-июль күнү саат 23:00 чамасында Араван районунун Анаров айыл аймагынын Ачы айылынын тургуну 36 жаштагы аял өзүнүн 7 жаштагы кызы ооруп жаткандыктан Араван райондук Тез жардам кызматына телефон чалып чакырган. Бирок тез жардам кызматы себепсиз келбей койгондугун айткан. Ал эми 6-июль күнү саат 11:00 чамасында кызын Араван райондук үй-бүлөлүк даарыгерлер тобунун үй-бүлөлүк даарыгерине алып барып көрсөтүп, ал жерден дарыгер бейтапка “Рингер” “Цефозалин” жана “Цинк” дарыларын жазып, аталган даарыларды 3 күн бою аласыңар деп чыгарган. Дарыларды алуу убагында кыздын абалы убактылуу гана жакшырып, бирок жыйынтык болбогондуктан 9-июль күнү саат 11:00 чамасында Араван районунун ЖДПБнын 1-стационар кабыл алуу бөлүмүнө алып барган. Дарыгерлер кызга карата изилдөөлөрдү өз убагында жүргүзбөстөн, түнкү саат 00:00 чамасында аны өздөрүнүн жеке унаасында жолдомо менен Ош облустук балдар ооруканасына жиберишкен. Ал жакта кызга операция жасалып, анын аппендицити жарылып кеткендиги, анын ичине ириң толуп калгандыгы аныкталган. Операция ийгиликтүү аяктап, 10-июль күнү саат 12:00 чамасында жандандыруу бөлүмүнөн палатага чыгарылган, бирок ошол эле күнү саат 18:00дө каза болуп калган»,- деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча азыркы учурда текшерүү иштеринин алкагында Араван райондук ЖДПБдан, Араван үй-бүлөлүк даарыгерлер тобунан, Ош облустук балдар ооруканасынан баардык керектүү документтердин көчүрмөлөрү алынып, Бишкек шаарына комиссиондук соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, текшерүү иштеринин алкагында 14 адам суралган.  Тергөө аракеттери Араван РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.