Аравандагы Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды

Араван районунун айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-февралда Тепе-Коргон айылынын башчысы башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, жер участогун «сугат айдоо жерлери» категориясынан «жеке турак жай куруу» категориясына которуу жөнүндө токтом чыгаргандыгы аныкталган, ал үчүн өз кезегинде «Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар берилген.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында, жеке менчикке алынган жер тилкелеринин баасы 7,7 миллион сомду түзгөндүгү аныкталган. 17-майда аталган кылмыш иштин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 41-337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү делип, Араван районунун Тепе-Коргон айыл аймагынын башчысы кармалган жана Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.