«Артында 2 баласы калды». Ноокатта 30 жаштагы жаранды терек басып калды

28-февраль күнү Ноокат районуна караштуу Ак-Булак айылында 30 жаштагы жаранды терек басып калып көз жумду. Бул маалыматты журналисттерге айыл башчы Заир Камбаров тастыктады.

Анын айтымында, жаран ошол күнү коңшу айылга терек кыйганы барган. Терек кулап, жаранды басып калган. Анын артында 2 баласы калды.