Abank
SerepTV Logo

"Артында 2 баласы калды". Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан ИИМдин кызматкери көз жумду

"Артында 2 баласы калды". Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан ИИМдин кызматкери көз жумду

Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Улукбек Балагазыев көз жумду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кызматкер 19-июль күнү кечинде Ысык-Көл облусунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен кызмат учурунда каза болгон. Ал 16-октябрда 36 жашка чыкмак. Анын артында аялы эки баласы менен калды.