«Талмасы жок болчу». Ысык-Көлдө каза болгон жигит тууралуу досу маалымат берди

«Ысык-Көлдө инимди балдар сабап, иним ур-токмоктон каза болуп калды» деген жаран коомчулукка кайрылуу жасаган.

«6-августка караган түнү Бостеридеги «Алтын Кум» эс алуу жайына иним балдар менен эс алууга келген. Ошол түнү аны 7-8 бала пикир келишпестиктен сабап салышкан. Ал өтүп кетти. Ал эми милицияга барсак, тилин жутуп алып каза болду деп жатат. Сураныч ошол күндө тартылган видео болсо, ким көргөн болсо, кайрылып койгулачы», — деген ал.

Ысык-Көл ОИИБден маалымат беришип, алгачкы сырткы кароо иштери жүргүзүлгөндө, жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалбаганын билдиришкен. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя болгон учурда анын жанында болгон Ысабек аттуу досу менен байланышканыбызда, мушташта ал да жаракат алганын айтып төмөнкүлөргө токтолду.

«Мен ошол учурда жанында болчумун. Балдар келип, бизге тийишти. Ошол жерде мушташ болуп кетти. Мени катуу түртүп салышты. Мен да жаракат алдым. Анын денесинде деле тытыктар бар болчу. Милиция айтып жаткандай досумдун мурда талмасы жок болчу. 2020-жылы үйлөнгөн. Артында жубайы, 1 кызы калды. Жакында 3кө чыгат. Сөөк бүгүн жерге берилмек, бирок экспертизага беришмей болду»,- деди ал.

Редакцияга дагы бир досу кайрылып, талмасы болгону тууралуу калп маалымат тарап жатканын айтты. «Досумдун мурда талмасы жок болчу. Бул жалган маалымат»,- деди ал.