«Ысык-Көлдө инимди балдар сабап, иним ур-токмоктон каза болуп калды» деген жаран коомчулукка кайрылуу жасаган.
«6-августка караган түнү Бостеридеги «Алтын Кум» эс алуу жайына иним балдар менен эс алууга келген. Ошол түнү аны 7-8 бала пикир келишпестиктен сабап салышкан. Ал өтүп кетти. Ал эми милицияга барсак, тилин жутуп алып каза болду деп жатат. Сураныч ошол күндө тартылган видео болсо, ким көргөн болсо, кайрылып койгулачы», — деген ал.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агеттигине Ысык-Көл ОИИБден маалымат беришти. «6-августта саат 05:10 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт кызматына билдирүү түшүп, анда Бостери айылындагы «Алтын Кум» пансионатынын көл жээгинде 23 жаштагы Талас облусунун тургуну каза болгондугу маалымдалган. Аталган билдирүү райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Бостери айылдык милиция бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлөт.
Алгачкы сырткы кароо иштери жүргүзүлгөндө, жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалган эмес. Күбөлөрдү сурамжылоо учурунда, каза болгон жаран 5-август күнү жубайы жана классташтары менен Ысык-Көл районунун Бостери айылына эс алганы келгени аныкталган. Классташтарынын биринин айтымында, саат 23:30 чамасында каза болгон жаран жана дагы бир классташы менен көл жээгинде жайгашкан барда эс алып жатышкан. Эс алуу учурунда, жигит белгисиз жарандар менен менен чатакташа кеткен, кийинчерээк бардан ылдый жакта аны эс-учун жоготкон абалда таап, жардамга элди чакырган. Жардамга келген эс алуучулардын бири өзүн медициналык адис катары тааныштырып, жабырлануучуга жардам көрсөтө баштаган.
Милиция кызматкерлери тарабынан аталган жарандын ким экендиги аныкталган. Ал Ош облусунун тургуну, 23 жаштагы жаран болуп чыкты. Анын айтымында, бул күнү саат 05:00 чамасында көл жээгинде сейилдеп жүрүп, жардам сураган кыйкырыкты уккан. Ал жерге чуркап келип, эс-учун жоготкон жигитти көрүп, дароо биринчи жардам көрсөтө баштаган. Жардам берип жатып, ал жабырлануучу тилин жутуп алганын байкаган жана тилин чыгаруу үчүн жабырлануучунун жаагын ача баштаган. Бул учурда тез жардамдын кызматкерлери келип, жардам көрсөтүүнү улантышкан. Бирок жигитти эс учуна алып келүү аракеттери натыйжа берген эмес.
Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.
Мындан тышкары, интернетте каза болгон жарандын өлүмүнө байланыштырып, массалык мушташ тууралуу видео тараганын маалымдайбыз. Аталган видео 5-августта эртең менен таратыла баштаган, андыктан бул окуяга эч кандай тиешеси жок. Аталган видеодогу окуя 3-июль күнү Кара-Ой айылынын пляж аймагында, жергиликтүү тургундар менен «Акун» пансионатынын кызматкерлеринин ортосунда болгонун билдиребиз. Окуянын бардык катышуучулары аныкталган. Алар 15-16 жашка чейинки өспүрүмдөр болгон. Алардын айтымында, 3-июль күнү саат 01:00 чамасында көл жээгинде өспүрүмдөрдүн ортосунда оозеки уруш чыгып, мушташка айланган. Окуяны өз убагында көргөн пансионаттын коопсуздук кызматкерлери өспүрүмдөрдү ажыратып, таратып жиберишкен. Сурамжылоодо эки тарап тең арыз берүүдөн баш тартышкан. Окуянын катышуучулары менен Ысык-Көл РИИБдин БИИнин инспекторлору тарабынан профилактикалык иштер өткөрүлдү», — дешти.
Куноолулор жазасын алыш керек! Айрым маалыматтарга ылайык ИИМдин атайын багыттагы полкунун 5 баласы жок жерден камалган дейт…
Окуя болгон жердеги милициялар оз арттарын жабыш учун куноосуз балдарга куноону оодара салгандары кандай, жаш балдардын тагдырына балта чаппагыла! Дагы бир жолу куноолулор жазасын алыш керек? Баары акыйкат жузундо чечилет деген ишеничтебиз…