Арзыгүл Галымбетованын өлүмү. Шектүү блогердин укугун бузган кызматкерлер жазаланды

AКИpress маалымат агенттигинин журналисти Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча маалымат чыккан күндөн тартып, бул иш Акыйкатчынын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча шектүү катары кармалган блогер Батмакан Жолболдуева боюнча Акыйкатчы аппараты тарабынан жасалган иш-аракеттер:

«Жолболдуева Баткен ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына жеткирилгенде Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлү ага жолуккан. Милиция кызматкерлери аны повестка берип чакыртпастан, Раззаков шаарынан Баткен шаарына кармап келип камап койгонун мыйзамсыз деп атап, арыз жазган. Баткен өкүлчүлүгү экинчи ирет 5-апрелде барып жолукканда, УКЖ администрациясына, кармоо шарттарына арыз-дооматы жок экенин билдирген. 13-апрелде Баткен облустук сотунун чечими менен Жалал-Абаддагы №53 ТИЗОго которулган. Акыйкатчынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү эртеси 14-апрелде ага жолукканы барганда, Жолболдуева Баткен ОИИБдин УКЖнын кызматкерлери тарабынан орой мамилеге, моралдык басымга чыдабай, колунун кан-тамырын кескени белгилүү болуп, ал Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын жетекчисинин жана кызматкерлеринин иш-аракеттеринде орой мамиле жана коркутуулар болгонун жазган. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу жайынын кызматкерлерине карата жоопкерчилик чара көрүүнү талап кылып, Башкы прокуратурага расмий кат жөнөткөн. Ал эми Баткен облусунун прокуроруна жазылган катта прокурор сотко бөгөт коюу чарасы боюнча өтүнүч келтиргенде, Жолболдуеванын жашы жете элек эки кичинекей баласы бары, мурда соттолбогону, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун аялдарга карата мамилеси жана эркиндигинен ажыратууга байланышпаган укук бузган аялдарга карата жаза чаралары жөнүндөгү Бангкок эрежелери сакталбаганды көрсөтүлүп, бул талаптарды бөгөт чараны кароодо эске алууну талап кылынган», — деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы аппараты бул талаптын эске алынбагандыгы боюнча Башкы прокуратура берген жоопто негиздеме белгиленген эместигин баса белгиледи.

Акыйкатчы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу жайынын кызматкерлерине карата жоопкерчилик чара көрүү талабы боюнча Баткен районунун прокуратурасы тарабынан мыйзам бузуучулукту жоюу жөнүндө Баткен ОИИБдин башчысынын наамына сунуш келтирилген. Баткен ОИИБдин ички иликтөө бөлүмү тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында Баткен РИИБдин 11 кызматкерине сөгүш, 5 кызматкерине катуу сөгүш, ал эми Баткен РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайынын жетекчиликке алуу боюнча орун басарына ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу тартиптик чара колдонулду.