«Аталган кызматкерлер системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу схемасын уюштуруп, милдетүү аскер кызматынан качуу максатында аскерге чакырылуучулардан жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн акча алышкан. Ошондой эле, мобилизациялык резерв боюнча жыйындарга кирүү үчүн талапкерлердин тизмесине киргизүүдө да акча опузалоо фактылары аныкталган», — деп жазылат маалыматта.
Кармалгандар Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилип, тергөө амалдары Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.