Коргоо министрлигинин аскердик бөлүктөрүнүн биринде өздүк курамдын кийим-кечесин камсыз кылууга багытталган баасы 1 миллион 297 миң 122 сомдук камуфляж кездемелерин кызмат адамдары тарабынан ыйгарып алуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Аталган факты боюнча «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш иштин тергөөсү Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан жүзөгө ашырылууда.