Асылбек Жээнбеков менен Данияр Нарымбаев камакта калтырылды

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасы узартылды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Асылбек Жээнбеков менен Данияр Нарымбаев 2022-жылдын 30-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта болушат. 

Жээнбеков УКМК тарабынан 31-майда кармалып, анын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга камакка алган.

9-июнда Данияр Нарымбаев УКМК тарабынан кармалган. Ал «Кумтөр» иши боюнча камакка алынган.