Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы пара берүү учурунда кармалды (видео)

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Нарын облусунунАт-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы 2020-2022-жылдар аралыгында «Мухали инвест» аффилирленген фирмасы аркылуу мыйзамсыз катышып, жалпы суммасы 14 миллион сомго жакын 152 тендерди утуп алгандыгы аныкталган. Автоматташтырылган маалымат тутумунда катталган тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында шектүү текшерүүнү токтотуу максатында кызмат адамына пара бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча түшүндүрмөгө карабастан, УКМК кызматкерине бир нече жолу акча сунуштаган.

Тактап айтканда, 25-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жооптуу катчы 90 миң сом жана 500 доллар өлчөмүндө акча которуп жаткан жеринен кармалды.