«Ат менен айыл ичинде сууну кечип…» Сузакта жүргөн селдин кесепети

Социалдык тармактын колдонуучусу Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жүргөн селдин кесепетин чагылдырган сүрөттөр менен бөлүштү. Анда айыл тургунунун ат менен айылдын ичиндеги сууну кечип жүргөнүн, жыйылып турган мүшөктөрдүн сууга чыланганын көрүүгө болот.

«Качан оңолобуз? Үмүттөн үмүт артып чарчадык го», — деп жазган автор.