Ат уурдоого шектелип камакка алынган төкмө акын Болот Назаровдун иши сотко өттү. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан тастыкташты.
Маалыматка караганда, соттук отурум 27-декабрга саат 14:00гө дайындалган.
- 7-ноябрь күнү милицияга Беловодское айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында Чоң-Арык айылынын талаасында белгисиз эркек киши 2008-жылы туулган уулунун минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, анан мингенден кийин баласына күч колдонуп айгырын минген боюнча, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган. Акын бул айыптоону четке кагып, аны ушундай жол менен шылдың кылып жатышканын айткан.
Уят,бир адамдын келечегине балта чабууда дагы ойлонуш керек,адамдык сапат жогору болгондо гана жасаган иштер көзгө көрүнөт,бир адамды сыздатып андан кадыр күтүү болбогон кеп