«Ата-энем, бир туугандарым жок». Чүйдө 25 жаштагы жигит колун кескен

Чүйдө 25 жаштагы жаран колун кесип, ооруканага түштү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 4-октябрда ооруканага колу кесилген абалда 1997-жылы туулган жеткирилген. Ал биринчи жардам алган соң үйүнө жөнөтүлгөн. Окуя боюнча тергөө башталган. Сурак учурунда жаран мас абалында ата-энеси жана бир туугандарым жок деп колун кескенин айткан.