«9-октябрда мени аткандарды кармап келип, камабайбы?». Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотунда журналисттерге билдирди.
«Бул соттук процесс уят, цирк экенин көрүп жатасыңар. 5-6-октябрь күндөрү түрмөдө отуруп биз уюштуруптурбуз. Садыр Жапаров өзү «мен уюштургам» деп айтпады беле? «Коммерсант» басылмасына ошентип маек берген. Атамбаев өзүн өзү аттырган деп Садыр Жапаров айткан эле. Анда кармап алып келбейби, камабайбы?» — деди экс-президент Алмазбек Атамбаев.
Биринчи Май райондук сотунда Октябрь айындагы окуялардагы башаламандык тууралуу кылмыш иши боюнча териштирүү жүрүп жатат.