Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып келинген экс-президент Алмазбек Атамбаев абалы начарлап, ага Тез жардам чакыртылды. Көп өтпөй мурдагы президентти Тез жардамдын коштоосунда 47-колонияга алып кетишти.
«Сот залынан деле анын абалын көрдүңөр. Унаада отуруп же туруп кете албаганына байланыштуу Тез жардам менен алып кетишти. Бригада мурдагы президенттин кан басымын, сатурациясын текшерип, ЭКГ (электрокардиография) да кылып көрүштү. Кан басымы улам түшүп, кайра көтөрүлүүүдө. Атамбаев бир кубарып, бир кызарып жатты. Эртең соттук процесске катыша алабы же жокпу, азырынча билбейм», — деди жактоочусу Сергей Слесарев.
Социалдык тармактарда "Таш-Көмүрдө унаа жардан кулап кетти" деген видео тарады. Видеодон жаракат алган жарандардын жерде жатканын көрүүгө болот. Милиция азырынча...
Кадамжайда өспүрүм каналга түшүп каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. 18-июнда саат 20:50 чамасында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы...
Базар-Коргондо атышуудан улам эки жаран камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. 18-июнь күнү Базар-Коргон РИИБге Жалал-Абад шаарынын 1996-жылы туулган...
Бишкекте жолдун ортосун кесип өткөн БМВ Х-5 унаасынын айдоочу кармалып, түшүндүрүү иштери жүргузүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Андан...
Бишкекте коомдук жайда мушташкан аялдар аныкталып, камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 18-июнь күнү социалдык тармактарда Кулиев көчөсүндө...