«Атамбаевди бошотушабы?». Экс-президенттин адвокаты жооп берди

«Менден журналисттер «Алмазбек Атамбаевди бошотушабы?» деп сурап жатышат». Бул тууралуу экс-президенттин жактоочусу Замир Жоошев соцтармактагы баракчасына жазды.

«Бүгүн Биринчи Май райондук соту Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 359-беренесине ылайык Октябрь окуясы боюнча актоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин экс-президентке карата үй камагын колдонууну токтом кылды. Соттун чечиминин бөгөт чарасына байланыштуу бөлүгү дароо күчүнө кирди. Баш мыйзамдын 101-беренеси боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бардык мамлекеттик органдар жана кызматтагы адамдар үчүн милдеттүү, ошондой эле өлкөнүн аймагында аткарылышы шарт. Эми чечим №27 колониясынын администрациясында. Эгерде ал жакта үй камагы тууралуу соттун токтомун аткаруу керек деп чечишсе, анда үй камагында болушу үчүн Алмазбек Атамбаевди бошотушу мүмкүн», — деп жазылат билдирүүдө.